Кыргыз режиссёрунун "Кентавр" тасмасы Беларустун президентинин сыйлыгына ээ болду

Кыргыз режиссёру Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Беларустун президентинин сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган тасма Беларуста өткөн "Листопад" кинофестивалынын жабылыш аземинде Беларустун өлкө башчысынын "Кинодо болгон гуманизм үчүн" сыйлыгына ээ болду.

Минск шаарында өткөн кинофестивалдан соң режиссёр Түркиянын Мальта шаарында өтүп жаткан кинофестивалга катышуу үчүн жөнөп кеткен. Ошондой эле "Кентавр" тасмасы Эстониянын Таллин шаарында өтө турчу "Тёмные ночи" эл аралык кинофестивалынын "Панорама" программасынын алкагында үч жолу көргөзүлмөкчү.

Айта кетсек, “Кентавр” тасмасынын негизги сюжетинде башкы каармандын ойлоп тапкан уламышы жатат. Анын ишеничи боюнча кайсы бир мезгилде Кудайлар кыргыз элин бакыттан ажыратып, наалат айткан. Бул наалаттан кутулуш үчүн түн ичинде чыныгы аргымакты минип чаап, Кудайлардан кечирим сураш керек деген ишеним болот. Бирок убакыттын өтүшү менен бул эч кандай байыркы уламыш эмес экендигин, аны башкы каарман өзү ойлоп тапкандыгын бардыгы билип калышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан