ЖЫЛНААМА, 12-НОЯБРЬ: Бир кездерде Иосиф Кобзондун жубайы болгон актриса жана ырчы Людмила Гурченко көзү тирүү болгондо 82 жашка чыкмак

Совет элине "Карнавалдык түн" тасмасындагы "Беш мүнөт" ыры менен белгилүү болгон көп кырдуу талант Людмила Гурченко көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-ноябрда 82 жашка чыкмак.

Атактуулукка болгон татаал жол

Людмила Гурченко убагында жаштардын кумири болгонго жетишкен. Гурченко музыкалык мектептен билим алгандыктан ырды өзүнүн кереметине жеткирип ырдаган. 1960-жылдары актриса ар кандай кинолорго тартыла баштаган. "Карнавалдык түн" тасмасынан кийин эле "Гитарачан кыз" тасмасына тартылган. 1960-жылдын башында жана 1970-жылдын аягында Людмила Гурченко эл ичинде кеңири таанылган актриса катары эсептелинип, Орусиянын эң алдынкы актрисаларынын бири болгон. Актрисага комедиялык мелодрамаларга тартылууга сунуштар көп түшө баштаган. Тасмалардан тышкары актриса, телевизиондук бенефистерге жана атайын музыкалык көрсөтүүлөргө дайыма катышып турган. Гурченко башкалардан ачык мүнөзү, ички дүйнөсүнүн өзгөчө кенендиги менен айырмаланган. Актрисанын эң жакшы аткарган ролдору деп "Согушка чейинки беш күн", "Сибириада", "Беш түн", "Вокзал экөө үчүн", "Сүйүү жана көгүчкөн" жана башка тасмаларындагы образдар эсептелинет.

1956-жылы Людмила Гурченко студент кезинде Эльдар Рязановдун "Карнавалдык түн" аттуу музыкалык комедиясында Лена Крылованын ролун жараткан. Актриса "Беш мүнөт" ырын аткарып, көптөгөн көрүүчүлөрдүн эсинде калган. Кино абдан чоң ийгиликке жетишип, актриса көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Ошол убакта актриса акча каражаты жагынан кыйналып жаткан учуру болгондуктан, күйөрмандары чакырган ар бир кечеге баш тартуусуз бара берген. Актрисанын мындай иштери үчүн басылмаларда ар түрдүү ушактар жана сын-макалалар жарык көрө баштаган. Мындай көрүнүштөн кийин актрисаны тогуз жыл бою режиссёрлор киного тартылууга чакырышкан эмес. Актриса өзүнүн жанын багыш үчүн заводдордо, ар кайсы айылдарда концерт берип акча тапкан. Ал биринчи үйүн 30 жаштан өткөндө гана алган.

Советтик актриса жана эстрада ырчысы Людмила Гурченко Харьков шаарында 1935-жылы чыгармачыл инсандардын үй-бүлөсүндө туулган. 1944-жылы Бетховен атындагы музыкалык мектепке тапшырган. Он жылдык мектепти аяктаган соң Москвага келип, Сергей Герасимов жана Тамара Макарованын адистик мектебине тапшырып, дипломдук ишинде Теодор Драйзердин "Кето и Котэ" композициясы тууралуу ишин жазып, аткарып берген.

Ийгиликсиз никелер

Чыгармачылыгында бийик белестерди ашып, атактуулукка жетишкени менен Гурченко жеке жашоосунда бактысыз болгонун замандаштары эскеришет. Актриса эң алгач 1954-жылы 18 жашында Советтик режиссёр, актёр Василий Ордынскийге турмушка чыккан, бирок бул мамилелер көпкө узабай 1955-жылы түгөйлөр эки башка жолго түшүшкөн. Үч жылдан соң актриса жазуучу, актёр Борис Андроникошвилиге турмушка чыгып 1959-жылы кыздуу болушуп атын Мария коюшат. Бул жолу да ар кандай себептерден улам үй-бүлө бузулуп Гурченко менен Андроникошвили ажырашып кетишет. Мындан кийин актриса дагы төрт жолу турмушка чыккан актрисанын үчүнчү күйөөсү жазуучу, актёр Александр Фадеев, төртүнчү күйөөсү Иосиф Кобзон, бешинчи күйөөсү Константин Купервейс болгон. Актриса 1993-жылдан тартып өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин продюсер Сергей Сенин менен бирге өмүр сүргөн.

Людмила Гурченко жана Иосиф Кобзон

Актриса жалгыз гана кызы бар экенине жана ал кызы менен болгон мамилеси да жакшы эмес болгондугуна өкүнгөн. Көпчүлүк массалык маалымат каражаттарына берген интервьюларында актрисанын кызы Мария Королёва Гурченко аны кичинекей кезинде атасына таштап, үй-бүлөлүк бакытты атактуулукка алмаштырганын эч кечире албастыгын айтып келген.

Каргашалуу кырсык

2011-жылы Гурченко үйүнүн жанынан жыгылып кетип, жамбашын сындырып алган. Кийинки күнү ооруканага жеткирилип, операция жасалган. 30-мартта актрисанын абалы оорлоп, операцияны көтөрө албай жүрөк оорусу күч алгандыгын доктурлар айтышкан. "Тез жардам" келип, актрисаны жандандыруу бөлүмүнө жеткирүүгө үлгүрбөй калышкан. 30-мартта саат 19:28де актриса 76 жашында каза тапкан. Бул тууралуу жолдошу Сергей Сенин билдирген. Актриса менен коштошуу кечеси 2-апрелде Москвадагы борбордук чыгармачыл адамдардын үйүндө болгон.
12-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан