SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу - "тамашоучу", актёр, шоумен Актан Рыскелдиев.
Актан Рыскелдиев "Тамашоу" Лигасынын 7-сезонунун чемпиону аталган "Позитифф" командасынын башчысы.
Ал жетектеген команда Кыргыз өлкөсүнөн КВНдин "Ала-Тоо" аймактык лигасынын финалдык беттешинде жеңишке жетип, командасы менен Орусиянын Сочи шаарында "КиВиН-2017" 28-эл аралык фестивалга катышып мыкты оюн көрсөтө алган. Мындан тышкары Казакстандын Астана шаарында өткөн түрк тилдүү элдердин Жайдарман Лигасына катышып, "Позитифф" командасы баш байгени багынткан.
Актан Рыскелдиев азыркы мезгилде көпчүлүк сүйүп көргөн "Эл эмне дейт?" скетч-шоу берүүлөрүнүн башкы каарманы жана сценарийлеринин автору.
"Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деген макал "Тамашоунун" бардык титул, сыйлыктарын алган Актанга ылайыктуудай. Ал тойдун көркүн ачкан тамада дагы. Мындан тышкары оператор, режиссёрлук менен алектенет. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Жубайы Феруза менен 2014-жылдын сентябрь айында баш кошкон.
"Тамашоучунун" башка дагы өнөрлөрү, келечек пландары, чыгармачылыгы, жеке жашоосу, балалыгы жөнүндө кызыккан суроолоруңуз болсо жөнөтүңүз. Сиздин суроолоруңузга Актан Рыскелдиев бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG'нин түз эфиринде жооп берет.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.