Футболчу, мадриддик "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналду кыздуу болду. Ал өзүнүн интернет баракчасына сүйүктүүсү Жоржина Родригес жана уулу менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, кубанычтуу кабары менен бөлүшкөн. Белгилүү болгондой, футболчу кызына Алана Мартина деген ысым берген.
"Алана Мартина жаңы эле төрөлдү. Апасы да, кызы да өзүн жакшы сезип жатышат. Биз аябай бактылуубуз", - деп жазат футболчу.
Айта кетсек, Роналду менен испаниялык модель Жоржина Родригес өткөн жылдын декабрь айында таанышкан. Алардын үйлөнүү тою 2018-жылда Орусияда өтүүчү Дүйнө Чемпиондугунан кийинкиге пландалып жатканын ЖМКлар жазып чыгышкан.
32 жаштагы футболчунун 2 суррогат энеден туулган 3 баласы бар. Алар 7 жаштагы уулу Криштиану жана 2017-жылы июнь айында туулган эгиздер Ева менен Мэтью.