Тунис, Марокко жана Швейцария курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышты

Тунис, Марокко жана Швейцариянын футбол боюнча курама командалары Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялады.

Белгилүү болгондой, "С" тобунда Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуу үчүн оюн Кот-д-Ивуар жана Марокко курама командаларынын ортосунда болгон. Марокколуктар конокто ойноп жаткандыгына карабастан Набиль Дирара жана Мехди Бенатианын киргизген голдорунун натыйжасында 2:0 эсебинде жеңишке жетишкен.

"А" тайпасында лидерликти бербей келе жаткан Тунис курамасы өзүнүн талаасында Ливиянын курама командасын кабыл алган. Оюндун тең чыгуу менен аяктаганына карабастан Тунис курама командасынын буга чейин топтогон упайлары Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алып берди.

"В" тобунда оюн көргөзүп келе жаткан Швейцария курама командасы акыркы беттеште Түндүк Ирландия курама командасын 1:0 эсебинде жеңип Дүйнө чемпиондугуна жолдомого ээ болду.

Марокко курама командасы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда акыркы жолу 1998-жылы ойногон. Ал эми Тунис курамасы акыркы ирет 2006-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугуна катышкан.

Азыркы убакта Дүйнө чемпиондугуна 27 өлкөнүн курама командалары жолдомо алышты. Алар: Орусия, Бразилия, Иран, Япония, Мексика, Бельгия, Түштүк Корея, Сауд Арабия, Германия, Англия, Испания, Нигерия, Коста-Рика, Польша, Египет, Исландия, Сербия, Португалия, Франция, Уругвай, Аргентина, Колумбия, Панама, Сенегал, Тунис, Марокко жана Швейцария.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Mehazahn57
2017-11-13 16:02:33
Италия жокко?
-1
Dembele84
2017-11-13 17:34:18
Mehazahn57,Италия бугун ойнойт Швеция менен,аларда да иш чатак,1-0го женилген биринчи оюнда!
0
Alinur96kg
2017-11-14 03:48:57
Италия отпой калды.
+1
jugorsk
2017-11-13 16:03:46
Хорватияда чыккан
+1
Dembele84
2017-11-13 17:42:09
Ушул командалар калды,женгендери ЧМ2018 Россияга жолдомо алат
Италия-Швеция
Ирландия-Дания
Гондурас-Австралия
Новая Зеландия-Перу
+2
Isco23
2017-11-13 19:06:32
Хорватияны да башкы темага кошуп койгула. Швейцария мн чогуу чыкты го кечее
0
Rasul94
2017-11-13 21:07:56
Isco23,реал Мадрид баракчасын таппай атам айтып койчу
0
Isco23
2017-11-14 07:59:40
Rasul94,супер инфонун ичиненби же башка сайттанбы
0
Azat.97
2017-11-13 21:31:52
Нидерландиянын барбай калганы жаман болду да.Роббенге боорум ооруп атат
+1
FCBMESSI
2017-11-13 23:37:46
Аргентина чемпион
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан