Орусиянын Сочи шаарында өткөн уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курамасы командалык эсеп боюнча 2-орунду ээледи.
41-жолу өтүп жаткан спорттук жана уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу Орусиянын Сочи шаарында 10-ноябрда башталып 12-ноябрда аяктады.
Кыргыз өлкөсүнүн балбандары белгиленген ар бир салмак ченинде өздөрүнүн күчүн сынашты. 74 килограммга чейинки салмак ченинде мекендешибиз Бекназар Раимкул уулу финалдык беттеште орусиялык атаандашы Байзет Хатхохту жеңип жаңы Дүйнө чемпиону аталды.
Орозбек Автандил уулу (62 килограммга чейинки салмак ченинде) жана Мухаметали Эргешев (52 килограммга чейинки салмак ченинде) финалга чейин келишип күмүш медалдардын ээси болушту. Ал эми Аманат Алтынбек уулу (57 килограммга чейинки салмак ченинде) жана Улан Абдимамат уулу (100 килограммдан жогору салмак ченинде) Дүйнө чемпиондугунун коло медалдарын тагынышты.
Уруш түрүндөгү самбо боюнча жалпы эсептик жадыбал:
1-орун Орусия 6 алтын, 1 күмүш медаль;
2-орун Кыргыз өлкөсү 1 алтын, 2 күмүш, 2 коло медаль;
3-орун Корея 1 алтын, 1 күмүш медаль;
3-орун Армения 1 алтын, 1 күмүш медаль;
4-орун Украина 1 күмүш, 3 коло медаль;
5-орун Франция 1 күмүш, 2 коло медаль.