Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында орун алган бокс боюнча Өлкө чемпиондугу 12-ноябрда аягына чыгып жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына чемпиондуктун башкы катчысы Айнура Сыдыкова билдирди.
Маалыматка ылайык, бул чемпиондукта жалпысынан 12 медалдар топтому ойнотулуп 114 мушкер катышкан.
12-ноябрда өткөн финалдык беттештердин жыйынтыгы:
Кыз-келиндер арасында 57 килограммга чейинки салмак ченинде
Алина Масадык кызы — Шахриза Халилова 0:5
64 килограммга чейинки салмак ченинде
Мээрим Мамасали кызы — Барчынай Узгенбаева 4:1
Эркектер арасында 49 килограммга чейинки салмак ченинде
Мирлан Туркбай уулу — Сыргак Жансеитов 1:4
52 килограммга чейинки салмак ченинде
Жаныбек Мусаев — Азат Усеналиев 0:5
56 килограммга чейинки салмак ченинде
Баяман Алимбеков — Сирожиддин Абдуллаев 0:5
60 килограммга чейинки салмак ченинде
Омурбек Малабеков — Мунарбек Сейитбек уулу 4:1
64 килограммга чейинки салмак ченинде
Нурлан Кобашев — Темирлан Осмонов 5:0
69 килограммга чейинки салмак ченинде
Эрмек Сакенов — Абдурахман Абдурахманов 3:2
75 килограммга чейинки салмак ченинде
Ильяз Акматалиев — Ильяс Муканбетов 0:5
81 килограммга чейинки салмак ченинде
Эркин Адылбек уулу — Баяман Ильясов — беттеш Адылбек уулунун 3-раундагы жеңиши менен аяктады
91 килограммга чейинки салмак ченинде
Сергей Паренко — Жакшылык Кузалиев 4:1
91 килограммдан жогору салмак ченинде
Азат Асыкбеков — Зиядин Муминов — Муминовдун 1-раунддагы жеңиши менен аяктады.