Кыргыздын маданият тармагынын бир катар өкүлдөрү орусиялык тасма жаратуучулар тартып жаткан киносериалга тартылууда. Мындай маалыматты бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG порталына ырчы Курал Чокоев тастыктады.
Анын айтымында, сынак аркылуу режиссёр Эрнист Абдыжапаров, актрисалар Сайра Эсенбаева, Мээрим Атантаева, актёр Анвар Осмоналиев жана Курал Чокоев тандалып алынган.
Орусияда жашаган кыргыз үй-бүлөсү тууралуу тартылып жаткан фильмдин 1-сериясын тартуу иштери аяктаган. Анда Курал Чокоев Сайра Эсенбаева менен Эрнист Абдыжапаровдун уулунун ролун жараткан. Мээрим Атантаева ырчынын аялынын образында болсо, Анвар Осмоналиев анын инисинин ролунда тартылган. Бул фильмдин дагы 7 сериясы келе жаткан жылы тартылат.
"Биз орусиялык режиссёрлор менен келишимге кол койгонбуз. Ага ылайык, тасма кайсы каналдан көрсөтүлөрүн, аталышы тууралуу толук маалымат бере албайбыз. Бирок мен Орусиянын тасма жаратуучуларынын ишине абдан баа бердим, өзүм да тажрыйбамды арттыра алдым. Өз жумушунун профессионалдары жогорку деңгээлде, мыкты техникалык жабдыктар менен иштейт экен. Негизи бул жакта тасмага көп деле тартылбасам да техникалык базасындагы чоң айырмачылыкты сездим", - дейт Чокоев.