Юрист: "Алмазбек Атамбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулууда. Буга төрт учур гана себеп болуш керек"

Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтүп, ал кызматка киришет. Юрист Канатбек Азиз бүгүн шайлоо системи боюнча Бишкекте өтүп жаткан жыйында президент Алмазбек Атамбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн 7 күн мурун токтотулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мыйзамга ылайык президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда төрт учурда гана токтотулат.

"Президент Алмазбек Атамбаевдин ыйгарым укуктары ушул жылдын 1-декабрында токтотулушу керек эле. Бирок ал 7 күн мурун кызматтан кетип жатат. Эмнени пландашканын билбейм, бирок ыйгарым укуктары ал адам отставкага кетсе, импичмент жарыяланса, катуу ооруга чалдыкса же каза болуп калса гана токтотулат", - дейт Канатбек Азиз.

Юрист бул абалга БШК, Алмазбек Атамбаев же Сооронбай Жээнбеков эмес, мыйзамдагы нормативдик актылардагы катачылыктар себеп экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан