Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын маданий фестивалы башталды

Бишкектеги "Диалог" маданият үйүндө жыл сайын өтүүчү "Солнце светит всем одинаково!" аталышындагы фестивалдын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган фестиваль ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында өтөт. Иш-чара 17-ноябрга чейин уланып, анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын колунан жаралган тиричилик буюмдар, сүрөттөр арасында жарыш өтөт. Фестиваль шаардык мэриянын колдоосунда бул жылы 19-ирет уюштурулууда.

"Фестивалга катышуу үчүн 1802 арыз келип түшкөн. Ага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көйгөйлөрүн чечүү иштери менен алектенген 11 балдар уюму, улуу адамдардын 6 уюму жана 9 коомдук уюм катышат. Калыстар тобуна КРнын эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттер, атайын орто жана жогорку окуу жайлардын кафедра башчылары кирет", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

Фестивалдын соңунда ири программадагы концерт өтүп, анда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан