Каржы министри: “Сот тармагына 2 пайыз өлчөмүндө каражат бөлүүгө мүмкүнчүлүк жок”

“Бүгүнкү күнү сот тармагына 2 пайыз өлчөмүндө каражат бөлүүгө мүмкүнчүлүк жок”, - деп бүгүн, 14-ноябрда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мыйзам боюнча бюджеттен сот тармагына 2 пайыз өлчөмүндөгү каражат бөлүнүшү керектигин айтты. Ал билдиргендей, бул норма иштебей жатат. “Бул каражатты бөлгөнгө бюджетте каражат жок, мүмкүнчүлүк жок экенине макулмун. Бирок эмне үчүн өкмөт мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелебейт?” - деди Шыкмаматов.

Каржы министри өкмөт тарабынан өзгөртүү киргизүү сунушталганын эскертип, бирок парламент колдобой койгонун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан