Бүгүн, 14-ноябрда футбол боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын 5-турунун алкагында Макао-Кыргыз беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын 5-турунун алкагында Макао-Кыргыз беттеши Макаонун Олимпиадалык стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да башталат.
Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы 4 турдун жыйынтыгында 4 упай топтоп Мьянма курамасы менен 2-орунду бөлүшүүдө. Буга чейин Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын 1-турунда Кыргыз-Макао беттеши Бишкекте орун алып анда өлкөбүздүн курама командасы 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен.
Кыргыз курамасы менен Макао курама командасы буга чейин улуттук курамалар катары үч жолу беттеш өткөрүшкөн. Үч жолу тең Кыргыз курама командасы жалпы 4:0 эсеби менен жеңишке жетишкен.