Бүгүн, 14-ноябрда телеалпаруучу Максат Довранов менен "Кыз-Бурак" тобунун көркөм жетекчиси, ырчы Сайкал Садыбакасованын үлпөт тою өтөт. Баш кошуп жаткан бул түгөйлөрдүн үйлөнүү үлпөтү Ош шаарындагы ресторандардын биринде болот. Коноктор тойго саат 18:00гө чакырылган. Учурда алар курбу-жолдоштору менен сейилдөөдө.
SUPER.KG порталы Максат менен Сайкалдын тою өтүп жатканда сиздерге түз эфир аркылуу көрсөтөт.
Эске салсак, 25-октябрда Кыргыз эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын кызы Сайкал Садыбакасовага кыргыздын салты боюнча Максат Доврановдун ата-энеси сөйкө салган.
Максат Довранов ЭлТР телеканалынын "60 мүнөт", "Кутман таң" берүүлөрүнүн алпаруучусу. "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "ЭлТР" телеканалындагы "60 мүнөт" берүүсү менен 2014-жылы "Жылдын мыкты ТВ персонасы" деп табылган.