Бүгүн, 14-ноябрда телеалпаруучу Максат Довранов менен "Кыз-Бурак" тобунун көркөм жетекчиси, ырчы Сайкал Садыбакасованын үлпөт тою өтүүдө.
Баш кошуп жаткан бул түгөйлөрдүн үйлөнүү үлпөтү Ош шаарындагы ресторандардын биринде белгиленип, ага 600дөн ашуун конок чакырылган.
Түбөлүккө биргеликте өмүр сүрүүгө бел байлап, жакшылыгын жакындары менен биргеликте белгилеп жаткан жаштардын тоюна Гүлжигит Калыков, Айжамал Кабылова, Айпери Сыдыкова, Бегимай Карабаева жана башка белгилүү маданият өкүлдөрү келген.
Күйөө жолдоштун милдетин ырчы Нурлан Насип аткарууда. Буга чейин Максат менен Сайкалдын өкүл ата, өкүл апасы болуп ырчы Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров шайланган. Тамадалык кызматта Аман Ибраев.
Самара Каримова "Жар-жар" ырын аткарып, эки жашты конокторго алып кирди.