Түркиялык белгилүү ырчы, актриса, модель Ажда Пеккан 71 жашта экендигине карабай өзүнүн сымбаттуу дене түзүлүшү, бетинде бырыштын жоктугу жана сулуулугу менен көпчүлүктү таң калтырып келет. Чет элдик маалымат булактары ал ушул куракта эне болууну ниет кылып жатканын жазып чыгышкан.
Маалыматта жазылгандай, Ажда Пеккан индиялык Далджиндер Каур аттуу аял 70 жаштан кийин төрөгөнүн угуп таасирленген. Ырчы бул тууралуу америкалык жана индиялык дарыгерлерге кайрылып кеңеш алган жана биринчи жолу эне болуу ниетинен артка кайтпай тургандыгын билдирген.
Ажда интернеттеги жеке баракчасына байма-бай сүрөттөрүн жарыялап турат. Анын күйөрмандарынын көбү 71 жаштагы аялда таптакыр улгайган курактын белгиси жок экендигин жазышат. Муну менен катар эле Ажданын келбети, дене түзүлүшү сүрөттө эле ушундай, ар кандай тиркеменин жардамында жасалган сүрөттөр дегендер да көп.
Мындан тышкары ал дене түзүлүшүнө "көрк берүүчү" атайын ич кийимдерди киет дегендер да четтен чыккан. Анткени менен актриса өзү анын жаш көрүнгөндүгүнүн сыры жөпжөнөкөй экендигине ынандыруу аракеттерин көрүп келет. Ал туура тамактанып, дене тарбиялык көнүгүүлөр менен тынымсыз машыгып турарын айтат жана бул жөнүндө баракчасына кеп-кеңешин жазып турат.
"Жаш кезимден эле өң келбетиме жакшы көңүл бурам. Бирок бардык нерседен эле өзүмдү чектей бербейм, мисалы, кебаб, балык тамактарын жакшы көрүп жейм", - деген ал интервьюларынын биринде.
Ошол эле учурда Түркиянын басылмалары Ажда Пеккан пластикалык хирургдарга эң көп кайрылган айым экендигин жазышат. Жакында эле ал төшүн чоңойтуу үчүн пластикалык операция жасаткан.
Ал бүгүнкү күндө да модель, түрдүү мода көргөзмөлөрүнө чакырууларды алып турат жана жыл өткөн сайын тескерисинче төшү ачык көйнөктөрдү кийүүгө басым жасай баштаган.