"Кара жорго №1" деген аталыштагы топ менен эл оозуна алынган Асел Касмакунова жана Элмурат Майрамбековдон түзүлгөн топ мындан ары чогуу иштебейт. Бул маалыматты SUPER.KG порталына топтун мүчөсү Элмурат Майрамбеков билдирди.
"Негизи Асел эже менен Кубанычбек байке (ред. Эсенбаев, топтун негиздөөчүсү) үй-бүлө болгондуктан акыркы учурда өзүмдү "ашыкча" сезе баштагам. Көп өтпөй Кубанычбек байке өз-өзүнчө иштешүүнү сунуштады. "Жок, мен силер менен иштейм" деп жабышып алмак белем. Албетте, макул болдум. Азырынча келечекке план коё элекмин. Мындан ары чыгармачылыгымды улантамбы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт", - деди ал.
Ал эми топтун тарап кетүүсүнө эмне себеп болгонун билүү үчүн негиздөөчүсү Кубанычбек Эсенбаевге байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.
"Топ жигердүү иштеп жатат. Элмураттан башка да шакирттерим бар, топтон чыккандардын ордун толуктап турушат. Асел Касмакунованын визиттик картасы болгон "Кара жоргону" ал өзү ырдайт, Элмурат бийлейт. Топтон чыгам десе Элмураттын өз эрки. Ал топту тарата тургандай продюсери эмес. Буюрса, жаңы чыгармаларды тартуулайбыз. Капачылыгын мага айтканга намысы жол бербей, сиздерге айтканы кызык болуптур. Сыягы пиар керек болгон го", - деди ал.
Белгилей кетсек, "Кара жорго №1" тобу бир канча жылдан бери эл арасында кыргыз бийлерин таанытып, өркүндөтүүгө салымын кошуп келген. Ал эми 2016-жылдын апрель айында топтун негиздөөчүсү Кубанычбек Эсенбаев менен мүчөсү Асел Касмакунова баш кошушкан.