SUPER.KG порталынын Максат Довранов менен Сайкал Садыбакасованын тоюн түз алып берүү аракеттери техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам ишке ашкан жок.
Жакын арада баш кошуп жаткан түгөйлөрдүн тоюнан даярдалган видеорепортаж порталдын "Супер ТВ" бөлүмүнө жүктөлөт.
Муну менен катар эле "Супер-Инфо" гезитинин келе жаткан санынан сиз сүйүктүү ырчы менен алып баруучунун үйлөнүү үлпөтүнөн даярдалган фоторепортажга күбө болосуз.
Буга чейин маалымдалгандай, алып баруучу менен ырчынын үйлөнүү тою Ош шаарындагы ресторандардын биринде 600 кишинин катышуусунда өтүп жатат.