Ата болуш оңой эмес: Кыргыз тасмасынын катары "Ата" фильми менен толукталды

Турмуштун түрдүү сыноолорун чагылдырып, ата болуу оңой эместигин көрсөткөн "Ата" тасмасы жарык көрдү.

Социалдык драма жанрында тартылган "Ата" тасмасы бул жашоодо бардыгы биз каалагандай боло бербестигин, күтүүсүз келген жагымсыз окуялар ар бир адамды азапка саларын жана көптөгөн кыйынчылыктардын артында жаркын келечек турарын баяндаган.

Тасманын режиссёру жана сценарийин жазган Бакыт Осмонкановдун айтымында, бул эмгеги менен адамдарды чыдамкай, көтөрүмдүү болууга чакырууну көздөгөн.

"Бекеринен элибизде айдын он беши караңгы болсо, он беши жарык деген кеп калбаса керек. Турмуштун ар кандай сыноолору ар бирибиздин башыбызга күтүүсүздөн келет, дал ошол учурларды кичине юмор аралаштырып көрүүчүлөргө жеткиргенге аракет кылдык", - деп билдирди Осмонканов.

Фильмдин башкы каарманы - Асандын бейпил турмушу аялы күтүүсүздөн жол кырсыгына кабылып каза болгондон кийин бузулат. Турмуштун оор соккусуна кабылган Асан 2 уулуна апасынын ордун жоктотпоо үчүн көп аракеттерди көрөт. Мунун айланасында кызыктуу, кейиштүү окуялар орун алат.

Тасма жабык эшик артында Бишкектеги кинотеатрлардын биринде орун алып, ага көптөгөн атактуу режиссёрлор, актёрлор жана эстрада жылдыздары келишкен.

"Ата" тасмасында башкы ролдорду белгилүү театр жана кино актёру Болот Тентимишов, Азамат Уланов, Аскат Сулайманов ойношкон.

Көрүүчүлөрдү бирде күлдүрүп, бирде көзүнө жаш алдырып ыйлаткан социалдык драманын актёрлор курамы өз ролдорун ийинине жеткире аткара алганын көрүүчүлөр баса белгилешти.

"Ата" тасмасы 16-ноябрдан тартып Бишкек шаарындагы бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

“Ата” тасмасы көрүүчүлөрдү ыйлатты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан