Ким Кардашьян алгачкы ирет карын эне төрөй турган 3-наристеси тууралуу ачык маек берди

37 жаштагы модель, актриса Ким Кардашьян алгачкы ирет карын эне төрөй турган 3-ымыркайы тууралуу ачык айтып берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"Бул ирет баары башкача. Мени оңой жолду тандап алды дегендер жаңылышат. Тескерисинче, абдан оор. Анткени кырдаалды өзүм көзөмөлгө ала албайм. Албетте, ишенген адамды тапкам. Бирок буга чейин 2 баланы өзүм төрөп, үчүнчүсүн төрөй албаганым өкүнүчтүү. Жаңы тажрыйба мен үчүн мурункуга караганда кыйыныраак болууда", - деген ал.

Ошондой эле наристени өзү төрөгөнгө ден соолугу жол бербей тургандыгын айткан.

"Эгер ден соолугум жайында болсо, өзүм эле төрөйт элем. Азыр ичимде ымыркай жок болгону менен, бул тууралуу ар бир 2 секундда кеп кылабыз. Мындан улам балдарым жакында бөбөктүү боло турганын сезип калышты. Балам бир аз түшүнбөйт, а кызым кадимкидей толкунданып күтүп жатат", - деген ал.

Эске салсак, буга чейин Канье Уэст менен Ким Кардашьян 3-наристесин жарык дүйнөгө алып келүү үчүн карын эне жалдашканы маалым болгон.

Учурда түгөйлөрдүн 4 жаштагы Норт аттуу кызы жана 1,5 жаштагы Сэйнт аттуу уулу бар. Кардашьян экинчи баласын төрөгөн соң дарыгерлер мындан кийинки бойго бүтүү ден соолугуна олуттуу зыян келтирерин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
atanazarov10
2017-11-15 09:56:10
Мм жакшы экен акчан эле болсо болду да баарын бутуросун
0
DAKS
2017-11-15 11:02:49
мындан кийин торосон болгон жериндеги силикондорун чыгып кетет десе керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан