Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгынын астында өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча отурум башталды. Жыйын бүгүн, 15-ноябрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.
Анда Атамбаев жыйында эки президент отурганын белгиледи. “Жанымда жаңыдан президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбеков отурат. Менин кызматтан кетериме 9 күн калды. Сооронбай Шарипович убагы келгенде ордун татынакай кылып башкага өткөрүп берет. Ошондой эле жанымда жаңы Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр отурат”, - деди ал.
Ошону менен катар эле ал жыйынды өткөрүүгө кворум бар экенин айтты. “Жогорку Кеңештин оппозициялык фракциясынын лидери жок. "Республика-Ата Журт" фракциясы өздөрүнүн лидерин шайлай албай жатат”, - деди президент.
Мамлекет башчы өзүнүн сөзүн расмий орус тилинде уланта турганын белгиледи. “Мен мамлекеттик тилде сүйлөсөм кээ бирлер сөзүмдү бурмалап жатат”, - деп айтты Атамбаев.