Кыргыз балбандары күрөш боюнча жаштар арасындагы U-23 Дүйнө чемпиондугуна катышат

Польшанын Быдгощ шаарында 21-26-ноябрда өтө турган спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы U-23 Дүйнө чемпиондугуна 6 спортчу катышат.

Кыргыз өлкөсүнүн спорттук күрөш федерациясы SUPER.KG порталына кабарлагандай, аталган мелдеш алгачкы жолу өтүп, анда 24 медалдар топтому ойнотулат. Мелдеште спортчулар күрөштүн эркин жана грек-рим стилдеринде медалдар үчүн күч сынашат.

Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы:

53 килограммга чейинки салмак ченинде: Мадина Надирова;

57 килограммга чейинки салмак ченинде: Ислам Кенешов;

61 килограммга чейинки салмак ченинде: Жайнак Тургунбаев;

65 килограммга чейинки салмак ченинде: Нургазы Абдуразаков.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы:

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Бек Коңурбаев;

75 килограммга чейинки салмак ченинде: Эсен Асанов.

Машыктыруучулар:

Алтынбек Салаев;

Кадыр Кеңешов;

Абдурашит Мамасабиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан