Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн волейбол боюнча энелер лигасынын алгачкы чемпиондугунда "Ак Ниет" жана "Көк-Арт" командалары жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке жалпы 20 команда катышып, "А" жана "В" лигаларына бөлүнүп медалдар үчүн күч сынашты.
"А" лигасында 8 команда 2 тайпага бөлүнүп өз ара беттештерди өткөрүштү. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында финалда "Ак Ниет" командасы менен Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн куралдуу институтунун командасы кез келген. Кызуу беттештин жыйынтыгында "Ак Ниет" командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти (партиялар боюнча - 25-27; 25-17; 15-6).
"Сейтек Жал" командасы 3-орун үчүн "Компаньон" командасы менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңишке жетип, коло медалдарды тагынышты.
"В" лигасында медалдар үчүн 12 команда ат салышып, анын финалында "Ош" жана "Көк-Арт" командалары беттешти. 2 партиянын жыйынтыгында (25-16, 25-22) "Көк-Арт" командасы 2:0 эсебинде жеңишке жетип алтын медалдарды жеңип алышты.
"В" лигасында коло медалдар үчүн күрөштө "Ош Датка" 2:0 (партиялар боюнча 25-20; 25-12) эсебинде "Асылзат" командасын жеңип коло медалдарды тагынышты.