Орус актёру Дмитрий Дюжев көрүүчүлөргө нааразы болуп, алар сапатсыз тасмаларды көрүүгө татыктуу экенин айтты

Орус телекөрүүчүлөрү сапаттуу тасмаларды көрүүгө жана мыкты актёрлук курамга татыктуу эмес. Мындай билдирүүнү орусиялык белгилүү актёр Дмитрий Дюжев телеканалдардын бирине берген маеги учурунда айткан.

Маалым болгондой, актёр жакында эле аэропортто эл менен чогуу кезек күтүп турган. Жүргүнчүлөрдүн баары эконом класс менен уча турганын билген соң бизнес класс менен уча турган Дюжев кезек күтпөстөн өз ордуна барып отура берүүнү чечкен. Бирок жүргүнчүлөр аны өткөрбөй коюшкан. Бул көрүнүш актёрду капа кылган.

"Мен эл үчүн жашоомду курмандыкка чалып, мыкты образдарды тартуулаганга аракет кылып жүрүп, жыйынтыгында ушундай орой мамилеге кабылдым. Көрсө азыр эл үчүн арзан, эптемей сериалдар чыгып жатканы туура экен. Алар ушундайга татыктуу", - деген ал.

Дмитрий Дюжев - актёр жана режиссёр. Ал "Бригада" сериалы, "Арал", "Кука" жана башка тасмалардагы ролдору аркылуу таанымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
gute
2017-11-15 16:46:02
Очередди кутуп эле барбайсынбы. Закон алдында баары тен бирдей болуш керек
0
aibars
2017-11-15 16:51:43
Бизнес класс менен учкан адам эки эсе кымбат толойт жана ошондой тейленууго татыктуу. Бизнес класстагы адам катарга туруп кутпой озунчо откоргуч менен тез эле отуп кетуусу керек болчу.
+12
no.comment
2017-11-15 17:14:59
Очередь бербей койсо эле таарынып калган го, байкуш. Аэропорттогулардын баары эле сенин фанаттарын эмес да..
+2
tasnim
2017-11-15 17:32:19
Орустардын характери вообще болот,кичине нерсеге эле тез сынышып сразу кол шилтешет
+7
mir777
2017-11-15 17:47:47
Саша Белыйды чакырып таанытып койбойт белен)
Мен сыйлайм откозмоктон которуп барып отургузушпайбы
+2
monok2001
2017-11-15 17:59:10
барибир артист да озунчоле звезда
+1
miss2014
2017-11-15 18:24:48
Димон брат жаман обида кармапсын го.
+1
Taalaibek.
2017-11-15 19:09:21
Туура жазсанар, эмнени коткоруш керек эле?
Бул артис кинону жакшы аткара албайт.
-5
Birimdik5555
2017-11-16 01:32:01
Мыкты актер,кинолору да жакшы,сапаттуу
+2
Shamdagai2013
2017-11-16 04:43:43
Бизнес класс менен уча турганын,очередде тургандар кайдан билсин!?Андай очередде актер экенин да тааныбаса керек?
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан