Кыргыз курама командасынын футбол боюнча Азия кубогунун финалдык этабына өткөнгө мүмкүнчүлүктөрү сакталууда

Тектеш кабарлар: Футбол боюнча Азия Кубогу-2019 (200 материал)

Кечээ, 14-ноябрда Макаонун Тайпа аралында жайгашкан "Макао Олимпик" стадионунда Азия Кубогуна тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз курама командасы Макаону 4:3 эсебинде жеңип алды. Ошол эле мезгилде "А" тайпасында жайгашкан Индия-Мьянма беттеши өтүп, 2:2 эсебинде тең чыгышты.

Муну менен Индия курамасы Азия кубогунун финалдык баскычына алдын ала жолдомо алса, Кыргыз курама командасы 4 оюндун жыйынтыгында 7 упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалда 2-орунда жайгашты. Кыргыз командасынын артынан 5 упайга ээ болгон Мьянма курама командасы келүүдө. Ал эми Макао командасы 5 турдун жыйынтыгында упайсыз 4-орунда келе жатат.

Кыргыз курама командасы 6-турдун алкагында 2018-жылдын 27-март күнү Индия курамасын кабыл алат. Бул беттеште Кыргыз курамасы сөзсүз жеңишке жетиш керек. Анткени Азия футбол конфедерациясы (АФК) 5-сентябрда токтотулган Кыргыз-Мьянма беттеши тууралуу чечимин чыгара элек. Алдынкы беттештерде Кыргыз курамасы Индияны жеңип, ал эми Мьянма Макаону жеңген күндө да, Кыргыз курамасынын тагдыры АФК чыгарган чечимден көз каранды болмокчу. Тактап айтканда, токтотулган оюн боюнча АФК чыгарган чечим Кыргыздын пайдасына болбой калса, анда биздин курама команда финалдык этапка өтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калат. Учурда Кыргыз курама командасында Азия кубогунун финалдык этабына өткөнгө толук мүмкүнчүлүк бар.

Маалымдай кетсек, тандап алуу этабынын жыйынтыгында ар бир тайпадан 1-2-орунду ээлеген командалар кийинки этапка өтөт. Финалдык этапта жалпы 24 команда ойнойт, учурда 20 команда кийинки этапка өтүүгө алдын ала жолдомо камсыз кылган. Алардын ичинде БАЭ (мелдештин ээси), Таиланд, Сауд Арабиясы, Австралия, Иран, Ирак, Сирия, Оман, Индия, Бахрейн, Вьетнам, Иордания, Катар, Түштүк Корея, Өзбекстан, Кытай, Түркмөнстан, Ливан, Япония жана Палестина курама командалары.

Калган 4 жолдомо үчүн 7 курама команда күрөшүүдө. Алар Кыргыз өлкөсү, Мьянма, Түндүк Корея, Филиппин, Йемен, Гонконг жана Тажикстан курама командалары.

Азия кубогунун финалдык этабы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтөт.

6-тур, "А" тайпасы:

2018-жыл 27-март

Кыргыз өлкөсү-Индия.

Мьянма-Макао.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kojosh80
2017-11-15 16:30:11
Кыргызстан Мьянманы Сапар Исаков токтоткон кыргыз тарапка чечилбесе ким жооп берет ошондо
+2
Isco23
2017-11-16 15:06:35
Kojosh80,ошо да уу сапаштын айынан калып кетеби не кыргызстан?эу сапаш эгер окуп калсан тезираак чечкенге аракет кыл бул оюн бизге жазылыш кк жок жерден упай тарттырбай же акча сунуштадыбы?
0
murat17
2017-11-16 17:20:06
даа ХХХХ сапар исаковдун ХХХХ же акча сатылган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан