SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү "Эне жүрөгү" аттуу жаңы кыргыз тасмасы менен толукталды. 1 саат 20 мүнөткө созулган драма жанрындагы тасманын режиссёру Максат Жумаев.
Тасманын баштапкы идеясын продюсер Нурлан Мамакеев жазган. Ал эми башкы каармандын ролунда ырчы Анжелика Бекболиева, фильмдеги ата-энесинин ролун тасмада да өзүнүн ата-энеси ойногон.
Фильмде ырчы кыздын төрөлгөндөн тартып 26 жашка чыкканга чейинки кызыктуу өмүр баяны баяндалат. Эненин мээримин, түйшүгүн, күндөлүк турмушун чагылдырган "Эне жүрөгү" тасмасынын башкы каарманынын аты да Анжелика. "Эне жүрөгү" тасмасындагы башкы каарман Анжелика бой жеткенде ырчы болууну каалап, бул өнөрдү аркалай баштайт. Бирок тандап алган жолунда көптөгөн тоскоолдук, кыйынчылыктарга туш болот.
Тасма тууралуу Анжелика Бекболиева буларга токтолду: "Бул тасманын идеясын Нурлан Мамакеев мага сунуштаганда мен жаман кыздын ролун аткармак экенмин. Ага макул болбой жүрүп бир нече жыл өтүп кетти, кийин өзүмдүн ойлорумду кошуп сценарийди өзгөртүп жаздык. Чыгармачыл топ фильмди "Анжелика" деп атайбыз дегенде мен каршы чыгып "Эне жүрөгү" деп токтолгонбуз. Сценарий боюнча башкы каармандын аты Айыма экен, буга чейин тартылган "Достор" фильминде да Айыма аттуу кыздын образын жараткандыгыма байланыштуу фильмде өзүмдүн атымды калтырганбыз".
Ошондой эле ал башкы каарман Анжеликанын ата-энесинин ролуна актёр, актрисаларды тандоо кыйын болгонун кошумчалады.
"Анжеликанын ата-энесинин ролун жаратуу үчүн сынакка келгендер жаш курагы боюнча же башка себептер менен тандалбай калып жатты. Сынак 3 айга токтоп калганда тасманы жаратуучу топ апамдын образына өзүмдүн эле апамды тартууну сунушташты. Апам киного башка эркек менен тартыла албайм дегенинен атамды Анжеликанын атасынын ролуна тарттык", - деген ырчы айым фильм адамдарды сабырдуулукка чакырарын белгиледи.
Анткени тасмада ырчы болууну максат кылган башкы каарман өнөр жолунда туш келген бардык кыйынчылыктарды сабырдуулук менен жеңип, ийгиликке жеткен.
"Эне жүрөгү" тасмасын көрүү үчүн шилтемени басып "Кинозал" бөлүмүнө кириңиз.