Кыргыз сүрөтчүсү Төлөмүш Океев менен Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөрүн топурак менен тартты. Картиналар аукционго коюлат

Сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов кыргыз киносуна салымы зор залкар актёр Сүймөнкул Чокморов менен белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин сүрөттөрүн топурак менен тартып, даяр болгон картиналарды интернет аукционуна коюу алдында турат. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына билдирди.

Маалым болгондой, сүрөтчү бул инсандардын сүрөттөрүн 17-ноябрь Кыргыз киносунун күнүнө арнап тарткан.

"Жакында кыргыз киносунун күнү. Бул майрамга белек катары Кыргыздын тасмаларына зор салым кошкон инсандардын сүрөттөрүн топурак менен тарттым. Негизи живопись менен алектенгениме 15 жылдай болуп калды. Бирок ылай менен тартуу алгачкы тажрыйбам. Картиналар жакында өтө турган интернет аукционуна коюлат. Баштапкы баасы - 50 миң сом. Сатуудан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат", - деди ал.

Ошондой эле сүрөттөрдү тартууга 1 күндүк убакыт гана жетиштүү болгонун кошумчалады.

Эске салсак, сүрөтчү буга чейин эски аянтта Көчмөндөр оюндарынын логотибинин сүрөтүн тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ankel
2017-11-15 18:01:20
Сага кудай өтө чоң талант бериптир Төлгөбек. Азаматсың!
+8
ABAkg86
2017-11-15 18:34:50
Баракелде!!! Суймонкулдун айкелин ушул жигит эле жасаганда болмок экен. Дал озундой окшотуп коймок экенгоо. Туурабы туугандар?
+3
Jirawat.kg
2017-11-15 18:58:27
Аябай таланттуу инсан экенсиз.Мындан кийин дагы коптогон ийгиликтерди жаратышынызга тилектешмин.Коптогон ийгиликтерге жетиниз биз сиз мн сыймыктанабыз..
+2
Tilek1989.
2017-11-15 22:24:23
Керемет бул да болсо тубаса талант
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан