“Бир Бол” фракциясынан депутат Исхак Пирматов 1973-жылы 16-ноябрда Фрунзе шаарында туулган. Ал 2000-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин, 2008-жылы Бишкек каржы-экономикалык академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолун 1995-2005-жылдары курулуш жана коммерциялык компанияларда жетекчилик кызматтарда иштеп баштаган. 2000-2001-жылдары Кыргыз мамлекетинин Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн. 2005-2006-жылдары “Кыргызмунайгаз” ачык акционердик коомунун маркетинг жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон. 2006-2008-жылдары аталган башкармалыктын башчысы болуп иштеген. 2008-2010-жылдары башкармалыктын төрагасы болуп эмгектенген.
Ал эми 2010-жылы октябрда "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2015-жылдын 4-октябрында “Бир Бол” партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
16-ноябрга карата жылнаама.