Орустун белгилүү актрисасы Настасья Самбурская кара көйнөкчөн турмушка чыкты. Бул тууралуу "Универ" сериалынын жылдызы өзүнүн интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Маалым болгондой, 30 жаштагы актриса өзүнөн 6 жашка кичүү беларустук актёр Кирилл Дыцевичке турмушка чыккан.
Буга чейин ал "Настасья жана Кирилл жаш жубайлар" деген жазуусу бар мотоциклдин жанында түшкөн сүрөтүн интернеттеги жеке баракчасына жарыялап, актрисанын күйөрмандары жана интернет колдонуучулар түгөйлөрдү куттуктаган билдирүүлөрдү калтырышкан. Бирок көп өтпөй Самбурская бул жөн гана тамаша экенин билдирген. Ал эми бул ирет жарыялаган сүрөтүнүн алдына "Биз чын эле үйлөндүк. Ооба, колукту кара көйнөкчөн, ак көйнөккө акча жетпей калды. Мен бактылуумун, силерге да ошону каалайм", - деген билдирүү калтырган.
Самбурская сүрөткө сүйүктүүсү менен манжасындагы шакегин көрсөтүп түшкөн. Ал "Верни мою любовь", "Универ" сериалындагы ролдору жана интернеттеги социалдык тармактагы өзүнүн күлкүлүү билдирүүлөрү менен кеңири таанымал.