Дүйнө чемпиондугуна өтпөй калган Италия курамасынын башкы машыктыруучусу кызматынан бошотулду

Футбол боюнча 2018-жылы Орусияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна катыша албай калган Италия курама командасынын башкы машыктыруучусу Жампьеро Вентура кызматынан бошотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Италия курама командасы Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуу үчүн беттеште Швеция курамасына жеңилип калган соң, Италиянын футбол федерациясы Жанпьеро Вентураны команданын башкы машыктыруучу кызматынан бошотту.

Эске салсак, Италия-Швеция беттеши эки оюндун жыйынтыгы боюнча 0:1 эсебинде Швециянын жеңиши менен аяктаган. Муну менен Дүйнө чемпиондугунун 4 жолку жеңүүчүсү - Италия курамасы 1958-жылдан бери биринчи жолу Дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо ута албай калган.

Маалымдай кетсек, Дүйнө чемпиондугу 2018-жылдын 14-июнь, 15-июль аралыгында Орусиянын 11 шаарында жайгашкан 12 оюн талаасында өтмөкчү. Учурда чемпиондукка 31 курама команда жолдомо алышты, бүгүн, 16-ноябрда акыркы жолдомону Жаңы Зеландия менен Перунун курама командалары талашмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
murat17
2017-11-16 13:56:48
италиянын жоктугу германияны чемпиондукка алып барат алга германия мануль нойер томас мюллер марко ройс юлиан дракслер матс хуммелс тимо вернер силер мыктысынар
-2
FCBMESSI
2017-11-16 19:19:46
murat17,коп жазып салыпсынго кыскача Аргентина чемпион деп кой болду
-1
murat17
2017-11-16 13:58:21
аа италия силер 2022 катарда отчу чемпионатка деле чыкпай калсанар экен
-3
Beks.Kasymov
2017-11-16 15:18:59
Буффон жалко
+1
murat17
2017-11-16 17:18:11
буффон кыркка чыкты 2006 жылы италия чемпион болгон болду уже буффон кылаарын кылды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан