Дүйнө жүзүнө атагы чыккан белгилүү адамдарга тиешелүү буюмдар байма-бай ар кандай аукциондордо сатылып келет. Кээде эч кандай баалуулугу жана мааниси жок буюмдар да акылга сыйбас чоң суммадагы акчага сатылган учурлар кездешет. Анда, атактуулардын аукциондордо сатылган буюмдарына саресеп салып көрөлү.
Бритни Спирс чайнаган сагыз
Белгилүү ырчы Бритни Спирс Американын Мичиган штатында берген концертинде сахнада ырдап жатып чайнаган сагызын миңдеген күйөрмандарынын көзүнчө түкүрүп салган. Ошол концертке күбө болуп жаткан тазалык кызматкерлеринин бири бул сагызды алып сактап койгон. Ал эми 2013-жылы өткөн аукциондо ал сагыз 100 долларга сатылган.
Поп-музыканын падышасы Майкл Жексондун күрмөсү
2011-жылы Лос-Анжелесте өткөн аукциондо поп-музыканын падышасы аталган Майкл Жексондун "Триллер" ырынын клибине кийип тартылган кызыл түстөгү күрмөсүн белгисиз бизнесмен 1800 миллион долларга сатып алган. Ал бул күрмөнү бир канча жылдан соң, кайрадан аукционго коюп мындан да көп акчага сатууну көздөп жатканын билдирген.
Деңиз түбүнөн табылган медальон
XX кылымдын эң белгилүү кемеси болгон "Титаник" чөгүп кеткенден кийин, деңиздин түбүндө кеменин ичинде табылган буюмдун баары атайын уюштурулган аукциондо сатылган. Алардын ичинен эң кымбат баага жүргүнчүлөрдүн бири Хелен Черчилль Кэндиге таандык болгон медальонду белгисиз адам 58 миң долларга сатып алган.
Улуу кол башчы Напалеон Бонапарттын баш кийими
Улуу кол башчы Напалеон Бонапарттын баш кийими тарыхта калган. Өз өмүрүндө Бонапарт мындай баш кийимдердин 120сын кийген, алар бири-биринен эч кандай айырмаланган эмес. 2014-жылы бул "үч бурчтук" деп аталган баш кийимдин бири Францияда 2400 долларга сатылган. Бир жыл өткөндөн кийин дал ушундай эле Бонапартка таандык баш кийим 595 миң долларга сатылган. Кол башчы 2014-жылы сатылган баш кийимди кийип жүргөн учурда өзүнүн аскерлери менен австриялык аскерлерди жеңген. Ал эми 2015-жылы сатылган баш кийимди анын аскерлери орус аскерлеринен жеңилип калган учурда кийген. Демек, баш кийим анын жеңилүү ызасын тарткандыгы үчүн кымбат турган.
Мэрилин Монронун рентген жыйынтыктары
Аукциондун тарыхында калган сатуулардын бири белгилүү актриса Мэрилин Монронун Америкадагы бейтапканалардын биринде 1954-жылы түшкөн рентгендин жыйынтыгы. Ал Лос-Анжелесте өткөн аукциондордун биринде сатыкка коюлуп, баштапкы баасы 3 миң долларга бааланган. Аталган сумма көтөрүлүп отуруп жыйынтыгында 45 миң долларга чейин көтөрүлгөн. Эч кандай өзгөчөлүгү жок катардагы эле рентген жыйынтыгы мындай суммадагы акчага сатылганы таң калтырбай койбойт.
Жон Леннондун тиши
Рок-музыкант Жон Леннон 1960-жылы тиши ооругандыктан, тиш доктурга кайрылат. Майкл Зук аттуу тиш доктур ырчынын ооруп жаткан тишин жулуп, өзүнүн клиникасын жарнамалоо үчүн сактап коёт. 2011-жылы ал тишти аукционго коюп, 30 миң долларга саткан.