Жусуп Мамайдын мурун элге жарыяланбаган эмгектери камтылган "Жусуп Мамай бабамдан баян" китебинин бет ачары болуп өттү

Бүгүн, 16-ноябрда заманыбыздын залкар манасчысы, санжырачы Жусуп Мамайдын мурун элге жарыяланбаган акыл-насааттарын, өмүр таржымалын камтыган чөбөрөсү Тургунаалы Турсунаалы уулунун "Жусуп Мамай бабамдан баян" китебинин бет ачары болуп өттү. Ага белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер, жазуучулар катышты.

Китептин басылып чыгышын колго алып, көмөк көрсөткөн "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун айтымында, бул китеп окурмандарга улуу манасчыны жаңы жагынан ачып берет.

"Бүгүн бет ачары болуп жаткан "Жусуп Мамай бабамдан баян" китеби окурмандарга залкар манасчынын руханий дүйнөсүнө тереңирээк сүңгүп киргенге шарт түзөт. Бул китепте жазылган насаат сөздөрдү, баталарды Тургунаалы Жусуп атанын өз оозунан угуп китепке түшүргөн", - деп билдирди Кадырбеков.

Жаш авторду куттуктап, колдоп келген мурдагы президент Роза Отунбаева өз сөзүн залкар манасчынын берген батасы менен баштап, Жусуп Мамайдын көзү тирүү кезинде өзү менен жолугуп, пикир алышканы ал үчүн сыймык экенин билдирди.

"Бөтөн жерде жашаса да кыргыз үчүн күйүп, "Манас" эпосун элге жайылтууда өзүнүн чоң салымын кошкон Жусуп Мамай атабыз тууралуу китептин жарык көрүшү бул чоң жетишкендик. Жаш болгонуна карабай ушундай эмгек жаратып, бабалардын бизге калтырып кеткен сөзүн кастарлап, келечек муундарга жеткирип жаткандыгы баарыбызды сүйүндүрөт", - деди ал.

Улуттун көөнөрбөс мурасы болгон улуу "Манас" эпосун изилдеген жана айткан манасчы Жусуп Мамай тууралуу жарык көргөн бул китеп анын 100 жылдык маарекесине арналып чыккан. Китеп үч бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө Жусуп Мамайдын өмүр баяны, айтып кеткен санжыра, баталары жана накыл сөздөрү камтылган. Экинчи бөлүгүндө элестүү сүрөттөр чагылдырылып, 100 сүрөт жарыяланган. Ал эми үчүнчү бөлүгүндө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов баш болгон көрүнүктүү инсандардын Жусуп Мамай тууралуу айткан сөздөрү, кыргыз жана кытай элинин манас таануучуларынын эмгектери жазылган. 145 беттен турган китеп 1000 нуска менен жарык көргөн.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан