Теннисчи Рожер Федерер спорттун индивидуалдык түрлөрүндө байгелердин суммасы боюнча 1-орунду ээледи

Швейцариялык теннисчи Рожер Федерердин карьерасындагы байгелердин суммасы 110 миллион 235 миң долларды түзүп, спорттун индивидуалдык түрлөрүндө байгелердин суммасы боюнча 1-орунду ээледи. Бул тууралуу америкалык каржы жана экономика журналы "Форбс" жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Лондон шаарында өткөн эл аралык теннис федерациясынын жыйынтыктоочу чемпиондугунун тайпалык баскычында Рожер Федерер германиялык Александр Зверевди жеңип карьерасындагы байгелердин суммасы боюнча америкалык гольфчу Тайгер Вудсту ашып өттү. Рожер Федерер жарнамалык келишимдерди санабаганда, мелдештерден гана жалпы 110 миллион 235 миң 682 доллар утуп алган, ал эми америкалык Тайгер Вудстун 110 миллион 61 миң 12 доллар жеңген.

Маалымдай кетсек, Рожер Федерер 1998-жылдан баштап 95 турнирде, анын ичинен "Чоң шлемдин" түркүмүнө кирген 19 турнирде жеңишке жеткен. 2017-жылы Рожер Федерер ири мелдештерден Австралия Ачык Биринчилигинин жана "Уимблдонду" жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TalaCSKA
2017-11-16 12:36:28
Живая легенда.дуйнодогу болгон спортсмендерге улгу боло турчу спортчу!
0
murat17
2017-11-16 14:00:38
да родже федерер кучтуу теннис легендасы ал картайса дагы надаль жоковичтерди жене алат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан