Бүгүн, 16-ноябрда Орусияда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катыша турган акыркы 32-команда аныкталды. Акыркы жолдомо үчүн беттеште Перу менен Жаңы Зеландия кез келген.
Перунун Лима шаарындагы "Estadio Nacional del Peru" стадионунда орун алган беттеш 2:0 эсебинде Перунун жеңиши менен аяктады. Эсеп саны 28-мүнөттө ачылды, анда Перунун жарым коргоочусу Жефферсон Фарфан атаандашынын айып аянтчасына кирип келип, таамай сокку менен гол киргизди. 65-мүнөттө Перу курамасы топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алып, узатылган топко биринчи Кристиан Рамос жетип жакынкы аралыктан жасаган соккусу менен эсепти 2:0 кылды.
Бул жеңиш менен Перу курамасы 2018-жылы Орусияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна акыркы жолдомону бөктөрүп кетти. Чемпиондукка дүйнөнүн 5 континентинен жалпы 32 курама команда катышат.
Алар:
Европа аймагынан: Орусия, Германия, Испания, Англия, Бельгия, Исландия, Сербия, Польша, Франция, Португалия, Швейцария, Хорватия, Швеция жана Дания курама командалары.
Түштүк Америкадан: Бразилия, Уругвай, Аргентина, Колумбия жана Перу курама командалары.
Азиядан: Япония, Иран, Түштүк Корея, Сауд Арабиясы жана Австралия курама командалары.
Африкадан: Нигерия, Египет, Сенегал, Тунис жана Марокко курама командалары;
Түндүк жана Борбордук Америкадан: Мексика, Коста-Рика жана Панама курама командалары.