ЖЫЛНААМА, 17-НОЯБРЬ: Кыргыз киносуна 76 жыл

Бүгүн, 17-ноябрь – Кыргыз киносунун күнү. Мындай жарлык 1941-жылы ошол кездеги "Фрунзенин кинохроника студиясы", учурдагы "Кыргызфильм" киностудиясынын түптөлүшү менен ишке кирген.

Кыргыздын эң биринчи түстүү тасмасы – "Салтанат". Ага советтик кинорежиссёр Василий Пронин режиссёрлук кылып, фильм 1955-жылы тартылып бүткөн.

Кыргыз тасмаларына зор салым кошкон залкар актёр жана актрисалар Муратбек Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева, Сүймөнкул Чокморов жана башкалар. Ал эми кинорежиссёрлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиев.

Совет учурунда "Кыргызфильм" тарабынан жылына 3 тасма жарык көрчү. 1988-жылдан тарта кыргыз киносунун иши жүрүшпөй, 7 жыл ичинде бир гана "Булут" аталышындагы фильмди чыгарышкан.

Учурдун белгилүү кинорежиссёрлору Актан Арым-Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Садык Шер-Нияз жана башкалар. Алар тарткан тасмалар дүйнөнүн ар кайсы бурчунда өткөн кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга илинип келет.

17-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан