Эртең, 17-ноябрда футзал боюнча өлкө биринчилиги Суперлига Бишкек шаарында уланат. Анда "В" тайпасындагы командалар өз ара беттешип, упайлар үчүн күч сынашат. Беттештер Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) орун алат.
Учурда Суперлиганын турнирдик жадыбалында 6 оюндун жыйынтыгы менен 12 упай топтогон бишкектик "Алга" мини футболдук клубу 1-орунда келе жатат. Анын артынан 5 беттеш өткөргөн Оштун "EREM" командасы 2-орунда келе жатат. Ал эми 3-орунду 9 упай топтогон ысык-көлдүк "Мурас" жана бишкектик "Фарватер" командалары талашууда.
Белгилей кетсек, аталган мелдешке 9 команда катышып, 3 тайпага бөлүнүп өз ара беттешет. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында 1-4-орунду ээлеген командалар жарым финалдык баскычка өтөт.
"А" тайпасы: "EREM" (Ош), "Баткен" (Баткен), "Жалал-Абад" (Жалал-Абад).
"В" тайпасы: "Мурас" (Ысык-Көл облусу), "Фарватер" (Бишкек), МФК "Жакшылык" (Бишкек).
"С" тайпасы: "Бакубат Талас" (Талас), "Алга" (Бишкек), "Sun City" (Бишкек).
Оюндардын тизмеси:
17-ноябрь: "Фарватер"-"Жакшылык"
18-ноябрь: "Жакшылык"-"Мурас"
19-ноябрь: "Мурас"-"Фарватер"
Беттештер саат 19:30да башталат.