Кыргыз дзюдочу Юрий Краковецкий дүйнөлүк рейтингде 8-орунда жайгашты

Дүйнөлүк дзюдо федерациясы 2017-жылдын 14-ноябрында дзюдочулардын рейтингин жаңылады. Аталган рейтингге Кыргыз өлкөсүнүн дзюдочусу Юрий Краковецкий алдынкы 10 спортчунун катарына кирген.

100 килограммдан жогорку салмак категориясында дүйнөнүн мыкты дзюдочуларынын арасында Кыргыз спортчусу Юрий Краковецкий жалпы 2026 упай менен 8-орунда жайгашты. Краковецкий октябрь айынын тизмесинде 7-орунга көтөрүлгөн болчу.

Юрий Краковецкий 11-ноябрда Мароккодо өткөн дзюдо боюнча Ачык Дүйнө чемпиондугуна катышкан. Анда ал алгачкы беттешинде эле франциялык Тедди Ринерге жеңилип калган. Кийин Ринер финалга чыгып, Дүйнө рейтингиндеги 1-орунду ээлеген бразилиялык Давид Моурага туш келген. Беттештин жыйынтыгында Тедди Ринер 2 упай топтоп Дүйнө чемпиону аталган.

Учурда 100 килограмм салмак ченинде 1-орунда 3970 упай менен Давид Моура жайгашса, 2-орунда 3850 упай менен Тедди Ринер жайгашкан. Ал эми 3-орунда 2780 упайга ээ болгон грузиялык Гурам Тушишвили жайгашты.

Краковецкий-Ринер дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ekaterinburg
2017-11-16 19:49:26
Биздин балбан такыр эле прием колдонбоптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан