Аксы районундагы Авлетим айылындагы кайнене менен келиндин өлүмүнө жана 26 жаштагы кыздын бычакталып оор абалда ооруканага түшүшүнө шектелип ошол эле айылдын 30 жаштагы тургуну кармалгандыгы тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Ошондой эле кылмыш тууралуу өздүк булактар төмөнкүдөй кабарлашты.
"Кылмышка шектелип кармалган адам учурда ооруканада жаткан жабырлануучу кыздын сүйлөшкөн жигити болгон экен" деген маалыматтар бар. Экөө сүйлөшүп жүрүп, кыздын шектүүдөн кош бойлуу болуп калганы билинет. Бирок шектүү баланын төрөлүшүнө каршы чыгып, ошол күнү кыздын үйүнө сүйлөшүүгө барган. Экөөнүн ортосунда жаңжал чыгып, жигит кызды таяк менен сабап салган. Ага күбө болуп калган үйдөгү кыздын апасы менен жеңесинин көзүн тазалап, окуя болгон жерден жансыз денелерди сүрөткө тартып алып качып кеткен экен. Жолдон шектүүнүн бут кийиминин бир түгөйү чечилип түшүп калган. Мындан тышкары шектүүнүн кан жугуп, бирок жуулган күрмөсү, маркумдарды сабап өлтүргөн союл да суудан табылды дешүүдө. Шектүүнү милиция кызматкерлери алып кетишкен. Жергиликтүү тургундар аны таш бараңга алабыз деп чыгышкан", - дейт өздүк булак.
Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматына байланышканыбызда шектүү кармалганын тастыкташты. Шектүү окуя болгон күнү эле кармалган. Ал 1987-жылы туулган, Авлетим айыл аймагына караштуу Чыгыш-Жол айылынын тургуну. Анын баш коргоо чарасы эртең, 17-ноябрда каралары маалымдалды.
Эскерте кетсек, 15-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Коргон айылында кайнене менен келиндин жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалыматты милициядан билдиришкен. Алардан тышкары кылмыш жасалган үйдө маркум аялдын 26 жаштагы кызы дагы оор абалда жаракат алып ооруканага түшкөндүгү маалым болгон. Ошондой эле жаракат алган кыз жандандыруу бөлүмүнөн эсине келип, бирок абалы дагы деле оор экенин бүгүн, 16-ноябрда Аксы районунун аймактык ооруканасынын жетекчиси Медер Осмонов билдирген болчу.