14-ноябрь күнү эстрада жылдыздарынын жоон тобу Ош шаарына Максат Довранов менен Сайкал Садыбакасованын үйлөнүү тоюна чогулушту. Бул т ойго баргандар ойноп-күлүп эс алышса, барбагандар арманда эле калышты. “Ар бир кыз кичине кезинен эле ак көйнөк кийип турмушка узасам деп кыялданат эмеспи. Буюрса, тилегим орундалып, бактылуумун”, - деди толкунданган Сайкал Садыбакасова.
200 долларга бааланган торт, Сайкалдын көз жашы жана башка кызыктар 700 киши күбө болгон салтанаттуу үлпөт тойдо орун алды. Жылдыздуу түгөйлөргө жаңы жашоо барагын ачып берген бактылуу күндөн репортажды "Супер-Инфонун” жаңы санынан (№785, 17-ноябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.