1 жыл бою акысыз чалуулар менен интернетке кантип ээ болоруңузду билип алыңыз!

О! мобилдик оператору өз кардарларын жагымдуу акциялары жана белектери менен кубантып келет. Бул жолу кимде-ким O!Phone 4G фирмалык смартфонун сатып алса, жыл бою акысыз мобилдик байланыштын жана интернеттин ээси болуп калат.

Акысыз топтом сатып алган учурдан тартып жыл бою жума сайын О! түйүнүндө 100 мүнөттү жана күн сайын максималдуу ылдамдыктагы 100 мегабайт интернетти камтыйт.

О! компаниясы билдиргендей, O!Phone 4G смартфону сатыкка чыккандан баштап, бардык популярдуу мессенжерлерде кат жазышуу, социалдык тармактарда баарлашуу, сүйүктүү музыканы угуу, мобилдик оюндарды ойноо, фото жана видео тартуу сыяктуу мобилдик байланыштын артыкчылыктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган ишенимдүү жана саркеч смартфон экендигин тастыктады. Болгону 4990 сом баасы менен +1 ЖЫЛ акысыз чалуулар менен интернеттин болушу да анын өзгөчөлүктөрүн ого бетер арттырды.

Мындан тышкары смартфонду сатып алганда сизге 1 жылдык тейлөө кепилдиги берилет, бул болсо түзүлүштү оңдоонун же алмаштыруунун баары акысыз дегенди билдирет.

Бул сунуштан жалаң гана О! мобилдик операторунун абоненттери пайдалана алышат, бирок Онун абоненти болуу опоңой. Жапжаңы смартфон менен бирге бул оператордун SIM-картасын Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймагында жайгашкан сатуу жана тейлөө кеңселеринин биринен же O! Store дүкөндөрүнөн сатып алсаңыз болот. Маселени андан да жеңилдетип, смартфонду үйгө жеткирүү үчүн интернет-дүкөнүнүн www.ostore.kg сайтынан же 0705 007 000 телефону (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) аркылуу тапшырык кылсаңыз болот. Акция тууралуу кененирээк www.o.kg сайтынын Акциялар бөлүмүнөн биле аласыз.

Шашылыңыздар, акция боюнча смартфондордун саны чектелүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
no.comment
2017-11-17 11:10:15
Аа ииий тир укмуш го ай, чиркин! Кунуно 100 МегаБайт деген не деген шумдук?
+4
Kojosh80
2017-11-17 11:24:47
Күнүнө 100 мегабайт аз го
+3
Okgmobile
2017-11-17 11:42:37
Kojosh80,
Саламатсызы. Кошумча айта кетсек, жыл бою мегабайттардан тышкары жума сайын О! түйүнүндө 100 мүнөттөр дагы берилет. Смартфондун баасы да жагымдуу :)

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
-3
jbolotov
2017-11-17 12:10:40
Okgmobile,Кандай телефон модели?
0
Okgmobile
2017-11-17 14:15:52
jbolotov,
Саламатсызбы. Бул смартфон техникалык маалымат тууралуу ушул тиркемедеден окуй алсаныз болот: https://ostore.kg/product/o-phone-4g/

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
Kojosh80
2017-11-17 12:18:16
Okgmobile,рахмат! Мүнөтү жакшы эле болот бирок интернетке көбүрөөк берсениздер болобу? Анан дагы кошумча интернетке кошуп койсо болобу?
0
Okgmobile
2017-11-17 14:13:34
Kojosh80,
Ооба, кошумча "Турбокнопкаларды" кошсо болот. Кенен маалыматты бул тиркемеден окуй аласыз:
https://o.kg/kg/chastnym_klientam/aktsii/kupite-o-phone-4g-i-poluchite-1-god-besplatnykh-zvonkov-i-interneta-/
0
dastan_nookat
2017-11-17 11:29:15
Бари бир чексиз интернетке жетпейт да
0
janat.kg
2017-11-17 12:14:12
Безлимит интернетти бир жылга бербей калдыго. 100мигабайт азго. Уйкудан туруп абетке чейин эле иштетесин анан интернет тугонот.
0
Bek4590
2017-11-17 13:08:13
Кунуно 500мегабайт берсенер болбойбу?, 100мегабайт ото эле аз.
0
Ma9
2017-11-17 15:09:07
интернет анча иштебей ататко
-1
ALATOOLUK.JIGIT
2017-11-17 22:04:08
Эптеп алдамай экен элди,алып иштетип корсонор билесинеь!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан