"No name" командасы Астанада өткөн КТА шайыр тапкычтар таймашынын тандоо турунан өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган команданын оюнчусу Кадыр Жарматов билдирди.
"Кечээ Астанада өткөн тандалма турдан өтүп, январда боло турган оюнга жолдомо алдык. Тандоо туруна Казакстандан 15 команда, Кыргыз жеринен биз эле бардык. Оюн мыкты деңгээлде өттү, эми кийинки турда ийгилик көрсөтүү үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз", - деди ал.
Белгилей кетсек, "No name" командасы "Тамашоу" лигасынын 6-сезонунун чемпиону. Ошондой эле 2015-жылы өткөн "Ак калпак" кубогунда да биринчиликти багындырган.