SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү "Бажарики" тасмасы менен толукталды. Фильмдин режиссёру жана сценарийдин автору Амантур Ормуков, продюсери Нурлан Жаныбеков.
Кинодо башкы каарман Дамирдин 6 кызы бар. Үйлөнгөндөн бери эле уулдуу болууну самап келет, бирок тилеги аткарылган эмес. Кыздарынын бешөө 5 дубандын жигиттерине турмушка чыккан. Башка облустардын тургундарын анча жактырбаган Дамир 6-кызынын шаардык жигитке турмушка чыгуусун пландап жүрөт. Атасынын туулган күнүн өткөрөбүз деген кыздары, күйөө балдары анын үйүнө чогулушат. Башкы каармандын жашоосун өзгөртө турган окуялар мына ошол жерден башталат.
Тасмага Жоробек Аралбаев, Улан Жумабаев, Улан Барпиев, Максат Үсөнов, Атай Өмүрбеков, Шумкар Бейшеналиев, Радик Эшимов, Нуриза Бектурова, Айкөл Аликжанова жана башкалар тартылышкан.
Фильмдин продюсери Нурлан Жаныбековдун айтымында, тасманын негизги максаты кыргыз элин биримдикке чакыруу.
"Тасмада 7 облустун өкүлдөрүн чагылдырып, кыргыз элин бөлүнбөөгө үндөп, ынтымакка чакырууга аракет жасаганбыз. Негизи комедия жанрында болгону менен тарбиялык мааниси чоң. Тасманын таасирдүүлүгүнөн уламбы, айтор 3-4 жолу кайталап көргөндөр да бар экен. Буюрса, жакынкы күндөрү уландысы чыгат. Азыр тартуу иштери аяктап калды", - деди ал.
"Бажарики" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.