SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу эстрада жылдызы, КРнын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков.
Ал бир кезде "Сени гана" деген ыры менен сахна босогосун аттап, тубаса таланты, талыкпаган эмгеги жана өз ишин мыкты билген продюсеринин жардамы менен бир канча хит ырларды жаратып, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.
"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу менен 3 жолу "Жылдын супер ырчы мырзасы" аталып, "Заманыбыздын супер ырчысы" наамына татып, 2 жыл мурун чыгармачылыгынын 10 жылдыгын белгилеген ырчы 30 жашында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти аталган.
Кыргыз жеринде гана эмес, коңшулаш казак боордоштордо да жетиштүү атак-даңкка ээ болгон Атабеков өзүнүн суйкайган сулуу Мээрим аттуу жубайынын сүйүктүү жары, Адам деген уулунун мээримдүү атасы.
Канчалаган күйөрман топтоп, жаздырган ырларынын баары хитке айланган Кыргыздын мега жылдызына бере турган суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып узатып калыңыз. Сүйүктүү ырчыңыз сиздин суроолоруңузга бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфиринен жооп берет.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.