Бир кездеги түгөйлөр Жастин Бибер менен Селена Гоместин кайрадан мамиле куруп жатканы далилденди өңдөнөт. Тактап айтканда, кечээ, 16-ноябрда папараццичилер түгөйлөрдүн өбүшүү алдында турган учурун сүрөткө тартып алышкан.
Маалым болгондой, сүрөт хоккей аянтчасынан тартылган. Ал жерге Гомес сүйүктүүсүн колдоо үчүн келген. Жылдыздарды соңку 3 жумадан бери чогуу көргөндөр, ал гана эмес, сүрөттөрүн интернет айдыңына тараткан колдонуучулар көп катталган. Мындан улам экөө кайрадан кыз-жигит катары сүйлөшө баштагандыгы тууралуу божомолдор айтылып келген.
Гомес менен Бибер азырынча бул боюнча билдирүү таратыша элек, бирок эл алдында бири-бирине болгон сезимдерин жашырууну токтоткон түгөйлөр расмий түрдө кайрадан бирге болушарын жарыялай турган күн алыс эместей.
Эске салсак, экс-түгөйлөр 2011-2015-жылдар аралыгында кыз-жигит болуп, эки башка жолго түшүшкөн соң бири-бири тууралуу ар түрдүү терс пикирлерди айтып жүрүшкөн. 2017-жылдын январь айынан тарта Селена Гомес рэпер The Weeknd менен мамиле куруп баштаганын ачыктаган.