Американын "Forbes" журналы 30 жашка чейинки эң көп киреше тапкан белгилүүлөрдүн тизмесин аныктады. Анда ырчы, актриса
Селена Гоместин мурунку сүйүктүүсү
The Weeknd жылына 92 миллион доллар киреше тапкандыкта биринчиликти багындырган. Ал ар бир концертке катышканы үчүн 1,1 миллион доллар гонорар ала турганын айткан. 2-орунга Гоместин
учурдагы сүйүктүүсү Жастин Бибер 83,5 миллион доллар кирешеси менен татыган. Белгилүү болгондой, ал 1 жылдын ичинде 105 жолу жеке концертин берген. Ал эми 3-орунга 29 жаштагы ырчы
Адель ээ болгон.
Ошондой эле алдынкы ондукка 60,6 миллион доллар менен баскетболчу Кевин Дюрант, 50 миллион доллар менен америкалык футболчу Эндрю Лак, ушундай эле өлчөмдөгү киреше менен Рори Макилрой, 47,3 миллион доллар менен баскетболчулар Стефен Карри жана Жеймс Харден, 44 миллион доллар менен ырчы Тэйлор Свифт, 41 миллион доллар кирешеси менен модель Кайли Женнер илинген.
Белгилей кетсек, былтыркы рейтинг боюнча Тэйлор Свифт 170 миллион доллар кирешеси менен биринчиликти багындырса, быйыл 44 миллион доллар гана каражат тапкан.