"Реал Мадрид" футболдук клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду сүйүктүүсү Жоржина Родригеске 2018-жылдын жай айларында үйлөнөт. Мындай маалыматты Португалияда белгилүү болгон Correio da Manhã басылмасы жазып чыккан.
Белгилүү болгондой, үлпөт той футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу аяктаган соң өткөрүлүп, футболчу бир нече убакытка эмгек өргүүсүнө чыгат.
Эске салсак, ушул жылдын 12-ноябрында Родригес сүйүктүүсүнө Алана Мартина аттуу кыз төрөп берген. Бул футболчунун 4-ымыркайы. Ал буга чейин карын энеден төрөлгөн уулу жана эгиз наристелердин атасы эле.