ЖЫЛНААМА, 18-НОЯБРЬ: "Иванушки International" тобунун мурунку мүчөсү Олег Яковлевдин көзү тирүү болгондо 48 жашка чыкмак

Орусиялык ырчы, "Иванушки International" тобунун мурунку мүчөсү Олег Яковлев 1969-жылы 18-ноябрда Монголиянын Улан-Батор шаарында төрөлгөн. 1-классты аяктаган соң үй-бүлөсү Орусияга кайтып, музыкалык мектепте фортепиано классында окуп, кийин Иркутск шаарынын театралдык окуу жайын артыкчылык диплом менен бүтүргөн.

Москвага келип Орусиялык театралдык искусство университетин аяктап, Армен Жигарханяндын театрында актёр болуп иштеп калган. "Иванушки International" тобунун "Кукла" аттуу ырынын клибине тартылып, 1998-жылы Игорь Сорин топтон кеткен соң анын ордун ээлеп калган. Мына ошол учурдан тарта болуп көрбөгөндөй атактуулукка ээ болуп, ийгиликтин туу чокусуна жеткен.

2012-жылдан баштап өзүнүн жеке чыгармачылыгын баштап, "Танцуй закрытыми глазами" аттуу ырын күйөрмандарына тартуулаган.

Ушул жылы 28-июнда жалпыга маалымдоо кызматтарында анын оор абалда ооруканада жаткандыгы тууралуу маалымат тарап, эртеси, 29-июнда Москвадагы ооруканалардын биринен каза болгондугу айтылган. Анын өлүмүнө боордун циррозу жана өпкө оорусунун өтүшүп кеткени себеп болгон. Чынында ырчыны эрте жоготуу күйөрмандары үчүн өтө күтүүсүз болуп, канчалаган интернет колдонуучулар аны менен коштошкон билдирүүлөрдү калтырышкан.

Ырчы үйлөнгөн эмес, бирок Александра Куцевол аттуу айым менен жарандык никеде жашап келген.

18-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
prenses
2017-11-18 22:07:33
İi jaman boluptur meninejem dagi ushul oorudan kaitish boldu ele:'((
0
Daiis
2017-11-19 00:04:26
Ии байкуш, иванушкини аяббай кучту элек иииилгери золотой граммафондон
0
Daiis
2017-11-19 00:04:51
Кутчу элек дегеним
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан