Бүгүн, 18-ноябрда орустардын примадоннасы аталган Алла Пугачёва менен жолдошу Максим Галкин мамиле куруп башташканына 16 жыл, мыйзамдуу түрдө баш кошушканына 6 жыл болгон соң никеге турушту. Бул маалыматты Галкин интернеттеги социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу коомчулукка жарыялады.
"Бизде жакшы жаңылык орун алды. Биз никеге турдук", - деген ал.
Белгилүү болгондой, никеге туруу аземи чиркөөлөрдүн биринде өткөн. Азырынча кечеге кимдер катышканы тууралуу маалымат бериле элек. Бирок түгөйлөрдүн кызы Лиза менен уулу Гарри ата-энесинин жанында болушканын Галкиндин жүктөгөн сүрөтүнөн көрүүгө болот.