Теннисчи Серена Уильямс сүйүктүүсүнө турмушка чыкты

Америкалык теннисчи Серена Уильямс ушул бейшемби, 16-ноябрда өзүнүн сүйүктүүсү Алексис Оганянга мыйзамдуу түрдө турмушка чыкты. Бул маалыматты түгөйлөр бүгүн, 18-ноябрда интернеттеги социалдык тармактагы жеке баракчалары аркылуу сүйүнчүлөштү.

Белгилүү болгондой, жубайлардын үйлөнүү тою "Сулуу жана түрү суук" мультфильмине окшош уюштурулган. Өзүн диснейлик ханбийке сезген теннисчи Лондондогу Alexander McQueen үлпөт көйнөгүнүн жетекчиси Сара Бертон менен жолугушуп, атайын буйрутма менен көйнөк тиктирген.

Белгилей кетсек, түгөйлөр мындан 2 жыл мурун таанышып, мамиле кура башташкан. Ал эми 2 ай мурун Алексис Олимпия аттуу кыздуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ermekbai
2017-11-18 17:08:12
Черно белыйго
+2
Tyty1990
2017-11-18 17:09:23
Силерге да менден майтыфон.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан