Жумгал районунда Ауди-100 унаасы 12 метр бийиктиктен кулап, 4 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн саат 12:30 чамасында Балыкчы-Казарман жолунун 234-чакырымында (Жумгал району, Өрнөк айылы) болгон.
"Нарын облусунун 1969-жылы туулган А.Т. аттуу тургуну өзүнүн башкаруусундагы Ауди-100 үлгүсүндөгү унаасы менен келе жатып, рулга ээ боло албай 12 метр бийиктиктен кулап кеткен. Анын кесепетинен окуя болгон жерде 4 адам (3 эркек киши, 1 аял) жан берген. Ал эми 1 адам Жумгал районундагы ооруканага жеткирилди. Аталган кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти патрулдук милициядан.