ЖЫЛНААМА, 19-НОЯБРЬ: Ырчы Омар 29 жашка толду. Алтын жалатылган чүкө ага берилген өзгөчө белектердин бири экенин айтты

Юрмалада өткөн "Жаңы толкун" сынагында Алла Пугачёванын сыйлыгына татыган, "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси Өмүрбек Жанышов мындан 29 жыл мурун, 1988-жылдын 19-ноябрь күнү Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.

Ал 1995-жылы мектепке барып, ал эми 2007-жылы Бишкектеги Финансы техникумун, 2012-жылы КМУнун юридика факультетин бүткөн. Техникумда маданий иш-чараларга катышып жүрүп, “2006-жылдын алтын үнү” грамотасы менен сыйланган. Өмүрбек алгачкы жолу чоң сахнага Омар аттуу ысым менен 2008-жылы Мирбек Атабековдун концертинде чыгып, кыргыз эстрадасында өзүнүн сапарын баштаган. Репертуарында кыргыз, орус, англис тилдеринде ырлары бар.
SUPER.KG порталы ырчы мырзаны куттуктап байланышка чыкканда, туулган күнү досторунун курчоосунда өтүп жатканын айтты.
"Туулган күн түнкү саат 12ден өткөндө эле башталган. Жакындарым, досторум келип сюрприз тартуулашты. Социалдык тармактарда да күйөрмандарым куттуктап жатышат. Достор менен тоого чыгып, туулган күндү улантсакпы деп жатабыз. Мага берилген белектердин баары баалуу. Ошолордун ичинен өзгөчөсү алтын жалатылган чүкө болду. Жылуу сөзүн арнап, куттуктап жаткандардын баарына рахмат", - деди Омар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
beka1207
2017-11-19 13:05:33
Фасоль көйгөйү бүткөнбү?)))
-18
aman0296
2017-11-19 13:19:19
beka1207, буткону качан
+5
salimbek87.kg
2017-11-19 13:34:58
beka1207,Фасольуң бар беле? Куттуктай
мын Омар туулган күн менен .
0
Meruet84
2017-11-19 14:03:07
Үйлөнчү курагынан өтүп кетиптирго!?
+6
Beks.Kasymov
2017-11-19 18:55:02
super.kg жамааты Омар катышып жаткан “silk way star” дан дагы маалымат берип турсанар.Алдын ала рахмат!
+1
admin_superstan
2017-11-19 19:30:27
Beks.Kasymov, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Ma9
2017-11-19 19:59:46
Beks.Kasymov,менда ошону айтайын дегенмин
0
nurhan2702
2017-11-20 09:49:08
Туулган кунун кут болсун! Ден соолугу чын, бактылуу бол иним. Дайыма жаркылдап эл алдында журо бер. Москвада жургонумдо сенин "Кыргызстан" - деген ырыны жактырып кечке уга берчумун.Уйлон эми кыздардын журогуно чок салып журо бербей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан